На главную
Видео добавленное пользователем “Aimak Akipress”
Фермерликтин эбин тапкан аял: Жылына 300дөй бука багып саткан фермер
 
05:10
Кыргызстан эгемендик алган жылдары өлкөнүн социалдык абалы бир катар артка кете баштаган. Айрыкча мамлекеттик кызматта иштеген кызматкерлердин айлыктары үзгүлтүккө узурап, анын айынан бир топ мамлекеттик кызматкерлер чет өлкөгө, кай бирлери өз бизнесин түптөөгө киришкен. Учурда өз бизнеси менен өлкөнүн экономикасына аз да болсо салымын кошуп келе жаткан ишкерлердин катарында Зайна Базарбаева да бар. Эл арасында «Темир аял» атка конгон айым ишкерлиги союз ыдырагандан кийинки оор мезгилге туш келгендигин айтып, кантип айыл чарба багытында ишкердик кыла баштагандыгына токтолду.
Просмотров: 77012 Aimak Akipress
Орто Азиядагы эң чоң аргымактар Ноокатта
 
03:25
Ноокат районунун Бел айыл аймагына караштуу Бел-Өрүк айылынын тургуну жеке ишкер 37 жаштагы Чыңгызбек Абдилазиз уулу Орто-Азиядагы эң чоң аргымактарды багып, саяпкерчилик менен алектенип келет. Анын бир тууган иниси Жылдызбек Абдилазиз уулунун айтымында агасы багып жаткан аргымактардын баасы миллиондорду чапчыйт.
Просмотров: 370655 Aimak Akipress
Кыргызстанец Д.Токуров за 20 секунд отправил в нокаут казахского бойца на чемионате по микс силату
 
03:47
В городе Шымкент с 3 по 5 ноября прошел чемпионат Центральной Азии по микс силату среди профессионалов. Чемпионский пояс достался спортсмену из Кыргызстана. В чемпионате приняли участие спортсмены 4 стран: Казахстана, Кыргызстана, Узбекистана и Таджикистана. Профессиональные бои среди юниоров и взрослых проходили в восьмиугольнике. В составе кыргызской команды было 5 спортсменов, тренирующихся в СК «Манас» у Каныбека Бикбоева. Все они вернулись с медалями и стали сильнейшими спортсменами по микс силату в Центральной Азии. Из них трое стали чемпионами, двое серебряными призерами. Чемпионский пояс завоевал Данияр Токуров. Бой с казахским спортсменом был завершен в первые 20 секунд, противник был отправлен в нокаут.
Просмотров: 18655 Aimak Akipress
Футбол боюнча улуттук кураманын жарым коргоочусу Ошко келди
 
03:55
Бүгүн, 25-январь күнү Ош эл аралык аэропортунан Кыргызстандын яутбол боюнча улуттук курамасынын жарым коргоочусу Ахлидин Исраиловду Кара-Суу шаарынын мэри Кутугали Козубаев, Кара-Суу шаарынын спорт комитетинин башчысы Зайырбек Эшмаматов жана футболчунун жакындары, алгачкы машыктыруучусу тосуп алышты.
Просмотров: 26976 Aimak Akipress
Честно говоря, даже не ожидал, что на Играх кочевников будет так интересно, - В.Путин
 
01:39
Честно говоря, даже не ожидал, что на Играх кочевников будет так интересно. Об этом 16 сентября сказал президент России Владимир Путин, выступая на Совете глав государств-участников СНГ в узком составе в Бишкеке. «Хотел бы поздравить президента Кыргызстана с проведением очень интересных соревнований. У нас в средствах массовой информации активно это освещалось. Честно говоря, даже не ожидал, что будет так интересно. Это Игры кочевников. Президент Кыргызстана провел такие масштабные и интересные соревнования, как Игры кочевников, – это очень здорово. Я вас поздравляю. Большое вам спасибо за это», - сказал В.Путин.
Просмотров: 21122 Aimak Akipress
Тажикстандык кыргыздардын жайлоодогу жашоосу кандай?
 
02:33
Тажикстандык Лахш(Жерге-Тал) районунун Кашка-Терек айылынан орун алган Кызыл-Бел жайлоосундагы этникалык кыргыздар боюнча сөз кылабыз. Аталган айылда чоңоюп, учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуп жаткан Жамшед Худайкулов айылына болгон сапарында Кызыл-Бел жайлоосундагы туугандары менен амандашып, алардын жашоосун тасмага тартып келген. Анын айтымы боюнча Кызыл-Бел жайлоосундагы этникалык кыргыздардын жашоосун баяндайбыз. Кызыл-Бел жайлооосунда 20дан ашуун үй-бүлө жайкы жашоосун улантат деп сөзүн баштады Ж. Худайкулов. Дээрлик 5 жылдан бери Ош шаарында окуп жаткан Жамшед жайлоодогу элдин жашоосун алгач жайлоонун табиятын баяндоо менен баштады. «Айланасын анча бийик эмес тоолор куурчаган жайлоонун табияты адамга кубат тартуулайт... Тээ алыскы кырка тоолор айлананы туңгуякка бөлөгөн туманга тушалып, араңдан көрүнүп тургансыйт. Айрыкча төрт мезгилдин жаз айларында эне табияттын кооздугу ансайын көздүн жоосун алат. Туманга чулганган кырка тоолорго катар уланган тоолордун чокусуна атам замандан бери эзели чөп баш бакбаган. Ага улай катар тизилген тоолор күндөн тапталган денесинин табын жайлоого чачкансыйт. Андан төмөн көздөй аккан суу дал жайлоочулардын боз үйүнүн жанынан өтүп, жайлоодогу аруулукту ого бетер даңазалагансыйт. Мына ушундай көркөм табияттын кучагындагы адамдардын жашоосу эзелки көчмөн калктын жашоо образын туюнтуп турат»,-деди ал. Жергиликтүүлөр жайлоодо мал чарбасы менен алектенишет. «Кызыл-Бел жайлоосуна Кашка-Терек айылынан 20дан ашуун адам жаз айында көчүп чыгат. Жайлоодогу калктын негизи чарбасы мал чарбасы болуп саналат. Ар бир адамда 10дон ашуун сан уйлар бар. Жергиликтүүлөр жайлоодо уйлардын сүтүнөн быштак, курут, чөбөгө, май жана башкаларды жасашат. Айрыкча алар курут жасап, аны базарга сатышат. Базардын алыстыгы айылдан 10 мүнөттүк жол»,-деди ал. Жайлоодогулар жума сайын бири-бирин конкокко чакырышат. «Жайлоого чыккандан сүттөн тамактарды жасашып, жума сайын бири-бирин конокко чакырышат. Алар малдан башка, майда жандыктарды да багышат. Бирок, алар аз санда гана. Ар бир үй-бүлөдө жок дегенде 1-2ден жылкылар бар. Жылкылар кышка чейин талаада жүрүшөт. Жайлоодогулар конокко баргандар сөзсүз «домбранын» коштосунда ыр ырдашат. Жергиликтүүлөрдүн диалектиси Баткен диалектисине окшош»,-деди ал.
Просмотров: 21613 Aimak Akipress
Көзү азиз Асылбек Нуркамил уулу, жаңы конуштуу болду
 
10:44
Мүмкүнчүлүгү чектелген Асылбек Нуркамил уулу, кечээ 19-октябрь күнү жаңы конушуна кирди. Жаңы үйүн куттуктап, экс муфтий Чубак ажы Жалилов, Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев, төкмө акын Адирис Айтбаев, жергиликтүү тургундар келишти.
Просмотров: 19275 Aimak Akipress
1,5 тонналык асыл тукум малдарды баккан Мухаммед Адинаев малдарын интернет аркылуу сатып алат
 
07:11
Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн тургуну Мухаммед Адинаев 4 жылдан бери асыл тукум малдарды багат. Эт жана сүт багытындагы малдар Орусия, Америка, Щвецариядан алынып келинет. Жалпысынан үйүндө симментал, голштин, швиц, ангус, бельгийская голубая түрү болуп 25 тен ашуун малдар бар. Мурдагы биология мугалими максатым кашек малдардын ордуна сүттүү, эттүү асыл тукум малдарды көбөйтүү дейт.
Просмотров: 154114 Aimak Akipress
Орто Азиядагы эң ылдам жана эң кымбат аргымактарды баккан Курсантбек Сатыбалдиев
 
14:20
Байыртан кыргыз аргымактары өзгөчө бааланып, ал тургай орто кылымдардагы Даван өлкөсүнө чейин атагы жеткен. Асыл жылкы тукумун жоого таптап, ат жалынында шамалдай ойногон кыргыз байыртан жылкы баласына жакын. Мындан улам Оштун 43 жаштагы жашоочусу Курсантбек Сатыбалдиев бүгүнкү күнгө чейин байыркы кыргыз тукумундагы аргымактар менен жаңы кыргыз тукумундагы аргымактарын багып келет. Бир нече жыл мурун Кара-Суудан 35 миң АКШ долларына кара байыр тукумундагы жылкы сатып алганын айткан Сатыбалдиев аргымактардын асылдарын багуу ата-бабадан калган салт экенин айтып, жылкылардын өзгөчөлөгүнө токтолду.
Просмотров: 118586 Aimak Akipress
Кара-Суулук фермер ар бири 1 миң доллар турган асыл тукум малдарын көбөйтүүнү пландоодо
 
06:44
Кара-Суулук фермер Надир Токторов 1 жылдан бери «Голштин-фриз» тукумундагы малдарды өстүрүү менен алек. Ал мындай тукумдагы малдардын Россиянын Алтай Республикасынан алып келген. Азыркы учурда ал 26 асыл тукумдагы малдарды багат. Алардын ар бири 1 миң доллардан сатып алган. Малдарынын туягын көбөйтүп, келечекте эт багытында да, сүт багытында да киреше табууну каалап жаткан фермер алардын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди.
Просмотров: 71684 Aimak Akipress
Кара- Кулжалык Дастан  Ботоев асыл тукум малдарды багууда
 
15:06
Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылынын тургуну Дастан Ботоев 10 жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенип келет. Майда малдан ишкердикти баштаган фермер, учурда асыл тукум бодо малдарды багууда. Учурда малканадан эт жана төл багытындагы бодо балдар көрүүгө болот. Малдын артынан сая түшүп, мал менен тиричилик кылган Дастан мырза, фермерликтин кыйынчылыгы тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди. Дастан Ботоев, асыл тукум букаларды 6 ай багып, 150 миң сомго чейин сатып киреше табат. Учурда 3 адамды иш менен камсыз кылууга дагы жетишкен.
Просмотров: 57180 Aimak Akipress
Элдияр с отсутствующими пальцами, но красивым голосом, рассказал о победе С.Каримовой в конкурсе
 
03:25
Элдияр Усубакунов из села Кызыл-Дыйкан Жайылского района Чуйской области родился без пальцев. Э.Усубакунов занял 1 место по Чуйской области в певческом конкурсе в честь 100-летия Жумамүдүна Шералиева и рассказал, как всё прошло: «После окончания 9 класса проучился в медресе. Музыкального образования нет. Один раз я попал на той в качестве гостя. Там я исполнил песню, а через некоторое время один из гостей со стороны «кудалар» подошел ко мне и предложил принять участие в конкурсе в честь 100-летия Жумамүдүна Шералиева, отметив мой необычный голос. Знакомые помогли записать «минус», но я выбрал песню, которая мне не подходит. Позже думал, что надо было выбрать одну из моих любимых композиций. К тому же я очень волновался, потому что это был первый крупный в моей жизни конкурс. В итоге занял 1 место по области. Позже на республиканском этапе этого же конкурса 1 место выиграла Самара Каримова».
Просмотров: 7271 Aimak Akipress
Кырк кыз жаа атышты
 
02:00
Кырк райондон келген 40 кыз жаа атып жарышты. "Кырк насаатчы, кырк кыз-2019" долбоору
Просмотров: 4801 Aimak Akipress
Үч эмдин атасы Эрнис Бакиров: Лотереядан утуп алгандай эле сүйүндүм
 
06:34
4-октябрда Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургуну Гүлназ Баатырова жана Эрнис Бакиров үч эмдүү наристелүү болушкан. Операция жолу менен төрөгөн эне ден-соолугуна байланыштуу ымыркайларды 7 ай гана көтөрө алган. Кайын журтумда эгиздер бар экен, бирок үч эм дегенде эч ким ишенбеди дейт Гүлназ Баатырова.
Просмотров: 68161 Aimak Akipress
40 райондон келген 40 кыз камыр жууруп, кесме кесишти
 
10:33
Кырк райондон келген 40 кыз долбоору улантылып жатат. Учурда 40 кыз камыр жууруп, ийлеп, кесме кесишти
Просмотров: 59727 Aimak Akipress
Кыргызстандагы алгачкы кыздар хоккей командасы
 
03:13
Жумгал районунда болуп жаткан Vll- республикалык хоккей турниринде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан келген кыздардан турган Шапак баатыр командасы таймашууга чыгышты
Просмотров: 1308 Aimak Akipress
Төө-Моюндагы көйгөйлөр: Таза сууга муктаж, телефон байланышы жок айыл
 
05:09
Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагынын Найман айылындагы тургундарынын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири телефон үчүн байланыш жок болсо, жаңы конуштагы 100 дөн ашык үй-бүлө 10 жылдан бери суусу жок какыраган жерде жашап келет. Алар күнүгө 2 км жол жүрүп, таза суу ташып, ичишүүдө.
Просмотров: 2213 Aimak Akipress
На Иссык-Куле Элнура ударом ножа убила волка, напавшего не ее мужа
 
01:33
Жительница села Ак-Шыйрак Джети-Огузского района Эсенжан кызы Элнура убила волка ударом ножа в область сердца, сообщает корреспондент Turmush. По словам супругов, это произошло в праздничный день, 7 ноября. Хищник напал на Мирбека Келгенбаева, когда он ремонтировал автомобиль, сломавшийся на территории Сарычат-Эрташского государственного заповедника. На данном участке дороги никого, кроме супругов не было. Убитый волк передан специалистам, супруги прошли медицинский осмотр.
Просмотров: 22553 Aimak Akipress
Жумгалда акимдин орун басары сүзүп кеткен ветадистин туугандары
 
04:18
Нарын облусунун Жумгал районунда 10-декабрда саат 18:30 чамасында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталган. Нарын ОИИБдин маалыматы боюнча Жумгал районунун акиминин биринчи орун басары Б.Ж. «ВАЗ» үлгүсүндөгү унаасын башкарып баратып, Көк-Ой айылынын чыга беришиндеги жолдон чыга калган жылкылардан качам деп Көк-Ой айылынын ветеринардык адиси К.Жумабекти сүзүп алган. Натыйжада ал райондук аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жетип каза тапкан.
Просмотров: 6382 Aimak Akipress
10 жылдан бери кыш куюп киреше тапкан Н. Иманалиева өз күчү менен үй курууда
 
08:54
Нарын шаарынын 40 жаштагы тургуну Нурила Иманалиева жалгыз бой эне болсо дагы, кыйынчылыкка моюн сунбай 10 жылдан бери кыш куюп, андан тапкан каражатка дүкөн ачып, жалгыз уулун жогорку окуу жайдан окутуп, эс алууну дагы унутта калтырбайт. Өзүнүн айтымында, бир канча жумуштарда иштеп, көп жылдар бою убактылуу батирде жашап жүрүп, учурда өз колу менен үй курууда.
Просмотров: 28375 Aimak Akipress
Өзүн-өзү өлтүргөн 18 жаштагы бала кат жазып калтырган
 
13:03
Араван районунун Төпе-Коргон айыл өкмөтүнүн тургуну Махфуза Кочкорова уулун өлүмгө жеткирген адамдарды акыйкат жазалануусун суранат. Ушул жылдын 11-августунда 18 жаштагы жалгыз уулу Умид Кочкоров өзүн-өзү асып алган. Махфуза Кочкорова уулунун өлүмүндө, ошол айылда жашаган келин менен анын кайнагасын күнөөлөдө.
Просмотров: 232560 Aimak Akipress
Терактка шектелген Атабек Абдуллаевдин апасы уулу менен байланышканда, ден-соолугун гана сурай алган
 
05:26
2018-жылдын 27-декабрында швед прокуратурасы теракта шектелген үч жаран кармалганын билдирген маалымат тараткан. Алардын арасында “адамдарды өлтүрүү максатында ири өлчөмдөгү химиялык жана башка заттарды сактап жүргөн” деген жүйөө менен терактка шектелип кармалган Кыргызстандын 39 жаштагы жараны Атабек Абдуллаев да бар. Ал Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн, Найман айылынын тургуну. Буга чейин Орусия мамлекетинде иштеп жүрүп, 2017-жылы Швецияга иштегени кеткен.
Просмотров: 16086 Aimak Akipress
Б. Осмонов көчөсүн тазалоодо чыр чыкты
 
11:01
Бүгүн, 10-январь күнү Ош мэриясы Ош шаарындагы Батыш кичи районундагы Б. Осмонов көчөсүн тазалай баштады. Анткени аталган көчөгө узундугу 850 метр, туурасы 13-20 метр болгон аллея курулат. Мындан улам, мэриянын Осмонов көчөсүн тазалоо иши бүгүн «Нирвана» кафесинин алдындагы тосмолорду тазалоо менен башталды. Деген менен кафенин жетекчилиги ар кандай жүйө менен тосмолорду тазалоого каршы болуп, жаңжал чыкты. Тосмолорду тазалап жаткан муниципалдык менцик башкармалыгынын жумушчуларын милиция кызматкерлери калкалап турушту. Анткени кафенин иш башкаруучулары жумушчуларга ар кандай ыкма менен тосколдук жаратты.
Просмотров: 22346 Aimak Akipress
Прокурордун өлтүрүлүшү: Шектүүнүн тарапташтары прокурорлор дагы камакка алынышын талап кылууда
 
05:29
Баткен шаарында прокурорду өлтүрүүгө шектелип кармалган Мелис Калыковдун тарапташтары ишти акыйкат кароону талап кылып, бүгүн, 26-ноябрда митингге чыгышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады. Маалыматка караганда, алар ошол күнкү окуяга катыштыгы бар, аңчылыкка бирген чыккан прокурорлор да камалышы керектигин айтышууда. Чогулгандар мындан тышкары жактоочуга болгон тоскоолдуктарга нааразы экенин билдиришти. «Эмне үчүн ошол күнү бирге жүргөн прокурорлор сыртта жүрөт, Мелис болсо камалып отурат? «Аларды башкы прокурор иштен бошотту» дейт. Бул жаза эмес, аларды да суракка алып, актыгын текшеришсин. Жогорку билимдүү бул балабыз мындай жолго барбайт. Коррупция ушул прокуратурада жүрүп жатат. Президентибиз С.Жээнбековго кайрылуу жасайбыз, таза иш жүрсүн», - деди кылмышка шектелген Мелис Калыковдун кайын энеси Карамат Закирова. Ал эми Мелис Калыковдун эжеси Дариха Калыкованын айтымында, анын инисине жактоочуларды киргизбей, алардын иштерне тоскоолдуктар болуп жатат. http://batken.turmush.kg/news:355963
Просмотров: 15481 Aimak Akipress
Экс-министр М.Конгантиев принял участие в похоронах сотрудника милиции, убитого в городе Бишкек
 
02:30
В селе Масы Ноокенского района 27 октября прошли похороны оперуполномоченного Службы криминальной милиции УВД Первомайского района, 25-летнего старшего лейтенанта милиции Майрамбекова Уларбека Уланбековича. Проводить Уларбека в последний путь приехали первый заместитель министра внутренних дел Суйун Омурзаков, экс-министр внутренних дел Молдомуса Конгантиев, коллеги, родные и близкие.
Просмотров: 10139 Aimak Akipress
На жайлоо Кырчын стражи порядка с иностранными туристами изъясняются на английском языке
 
01:15
К сотрудникам управления внутренних дел Иссык-Кульской области, несущим службу по охране общественного порядка на жайлоо Кырчын, где в рамках III Всемирных игр кочевников проходят спортивные состязания по салбурун, нередко по различным вопросам обращаются иностранные зрители.
Просмотров: 9268 Aimak Akipress
7-летний Алим уулу Албан али поздравил кыргызстанцев с новым годом
 
01:09
Участник российского шоу "Лучше всех" с Максимом Галкиным поздравил кыргызстанцев с Новым годом
Просмотров: 14123 Aimak Akipress
Авариялык абалдагы мектеп, чаңыган жолдор, бала бакча, таза суусу жок Үч-Бай айылы
 
02:35
Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүнүн Үч-Бай айылынын мектеби авариялык абалда турат. Айыл тургундары таза суу жок экенине жана жолдордун начар абалына, бала бакчанын жоктугуна нааразычылыктарын билдиришти.
Просмотров: 684 Aimak Akipress
Кылмышкерди таш бараңга алууну талап кылгандар митингге чыгышты
 
01:21
Аксы районунун Авлетим айыл өкмөтүндө кайнене менен келинди өлтүрүүгө шектүү деп кармалган адамды өздөрү жазалоону талап кылып жергиликтүү тургундар митингге чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 17-ноябрда Аксы РИИБдин имаратынын алдына 50дөн ашык адам чогулуп, адам өлтүрүүгө шектелип кармалган адамды элге көрсөтүүнү талап кылышкан. Алар кармалган адамды катуу жазалоону жана өлүм жазасына тартуу керектигин айтышып, бул ишти акыйкаттуу териштирүүнү талап кылышкан.
Просмотров: 94466 Aimak Akipress
Францияда чоңойгон  инисине жолугуу үчүн Акылбек англис, орус тилин үйрөнүүдө
 
01:11
Француз үй-бүлө асырап алган кыргызстандык бала, жакында бир тууганы менен Москва шаарында жолугат Францияда чоңойгон Кирилл Николь Морш ( лакап паты Бен Жамин ) 11 жашка келгенде биологиялык апасын издеп Россиядагы « Жди меня» берүүсүнө кайрылган. Аталган телеберүүнүн жардамы менен Кыргызстандагы туугандарын, бир тууган агасы бар экенин угуп сүйүнүп турган чагы. Ал бир тууган агасы менен жолугуу үчүн учурда Москвада жашап жатат.
Просмотров: 4817 Aimak Akipress
Жертөлөдө каза болгон кыздардын өлүмү түрдүү маселелерге жем таштады
 
01:52
Оштогу 12 кабаттуу үйдүн жер тѳлѳсүнѳн ѳрт чыгып, эки кыз каза болду. Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган маалымат боюнча, бүгүн, 1-январда саат 07:50 чамасында кабар келген. Өрт Жим кѳчѳсүндөгү үйдүн жер тѳлѳсүндѳ жайгашкан мейманкананын бѳлмѳсүнөн чыккан. Окуя болгон жерден болжол менен 20-25 жаштардагы эки аял кишинин денеси табылды. Ош ШИИБдин оперативдүү тергѳѳ кызматы тарабынан каза болгон кыздардын ѳздүктѳрү аныкталып, бири Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, экинчиси Алай районунун 1991-жылы туулган тургуну болуп чыкты. Коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан ѳрт чыгып, анын кесепетинен түтүнгө ууланышкан деп болжолдонуп жатат. Ѳрттүн жана кыздардын ѳлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Просмотров: 10085 Aimak Akipress
Кадамжайда Шамбесай кенин иштетүү маселесин талкуулоо үчүн жүздөгөн адамдар чогулду
 
05:31
Бүгүн, 2-февралда Кадамжай районунун Майдан айыл аймагында Шамбесай кенин иштетүү маселесин талкуулоо үчүн жүздөгөн адамдар чогулду. Бул маалыматты Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков тастыктады. Маалым болгондой, кенди иштетүүчү компаниянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундар менен жолугуп, цианид колдонбой иштей турган жаңы технологияны сунушташууда. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. Чогулгандарга саясатчы Адахан Мадумаров келип кошулду. Алдын ала маалыматтарга караганда, Шамбесай кенинде болжол менен 8 тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы казууга лицензия берилген. Бирок кенди иштетүү долбоору жүзөгө ашпай келет.
Просмотров: 14374 Aimak Akipress
Алла үчүн кечирдим: Жумгалда каза болгон окуучунун үй-бүлөөсү
 
06:21
Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылында 9-декабрь күнү волейбол оюнунан чыккан чырдан улам Беш-Терек айылында жайгашкан орто мектептин 8-классынын окуучусу — 2004-жылы туулган Темирлан Бердибек уулу каза болгон. Учурда кылмыш иши козголуп 2 окуучу камака алынып, тергөө иштери жүрүп келет. Бул каргашалуу окуяга маркум Темирландын ата-эне, бир туугандары шарият жолу менен кечиришүүгө барышкан.
Просмотров: 18280 Aimak Akipress
Т.Абдраев из Тона выпускает кирпичи для строительства домов, которые могут выстоять торнадо 2
 
01:43
По словам Турускелди, он за два дня собрал станок и с его помощью делает кирпичи, которых ранее не было в Кыргызстане.
Просмотров: 3403 Aimak Akipress
Ошто  Өзбекстан менен Кыргызстандын ырчыларынын футбол мелдеши бащталды
 
07:21
Ошто Өзбекстандын актер жана ырчылары менен Кыргызстан ырчыларынын ортосунда футбол боюнча достук мелдеши башталды. Мелдешке 1000ден ашуун күйөрман күбө болууда. Эки өлкөнүн чыгармачыл чөйрөсүнүн мелдешин Ош шаардык мэриясы уюштурган. Мэриянын маалыматы боюнча эки тараптын чыгармачыл чөйрөсүнүн мелдеши достук маанайда болуп, эки өлкөнүн достугун бекемдөөгө салым кошот. Ошондой мелдеште эстрада ырчылары тарабынан ырлар тартууланып, көрүүчүлөргө концерт тартууланат.
Просмотров: 103038 Aimak Akipress
Балыкчы шаарынын 23 жаштагы Темирлан майып арабада күн кечирүүдө
 
02:42
Балыкчы шаарынын 23 жаштагы Кемел уулу Темирлан ата - энесинен 2 бир тууганан айрылып, өзү болсо майып арабада күн кечирүүдө. Менин апам 12 жашымда каза болуп калган. 5 - класс окуп жүргөн кезимде кыш мезгилинде эшикте муз тээп кечке ойноп жүрө бергем. Ошол жылдары суук катуу болуп жаткан. Кечке жуук үйгө келип бут кийимимди чечейин десем тоңуп калыптыр. Бычак менен атам бут кийимимди кесип бутумду чечип, үшүгөн бутумду көрүп дароо ооруканага алып барды. Баламында бутумдун ушүгөнүнө карабай ойноп жүрө бериптирмин. Балыкчы шаардык ооруканасынан, Бишкеке жиберишти. Ал жактан кеч болуп калган экен деп эки бутумду кесүүгө аргасызбыз деп, тизеден кичине ылдыйраак кесишти. Ошондон бери майып арабага отуруп калдым. Окуумду да уланткан жокмун. 2013 - жылы атамдын да көзү өтүп кетти. Өзүм 6 бир тууганмын. 4 кыз 2 эркек. Байкем түрмөдөн каза болуп калган, анан бир эжем төрөгөндөн кийин каза болуп калды. Учурда 3 кыз бир тууганым бар. Алар турмушка чыгып, өз жолдору менен кетишкен. Бирок сүйлөшүп, катышып турабыз.
Просмотров: 2212 Aimak Akipress
Фермерлер малды жасалма уруктандыруу аркылуу жакшы пайда тапса болорун айтышууда
 
10:54
Акыркы бир нече жылда Европа өлкөлөрүнүн айыл чарба тармагындагы колдонгон ыкмасы Кыргызстанга да жайылды. Буга мисал катары жер-жерлерде дыйкандар жасалма уруктандыруу аркылуу бодо малдардан жергиликтүү малдарга караганда эки-үч эсе пайда таап жатканын фермерлер айтышууда. Акыркы 5 жылдан бери Кара-Суу районунда малды жасалма уруктандыруу бир кыйла пайдасын бере баштады. Көп жылдан бери Кара-Суу районуна карашатуу Мады айыл өкмөтүндө ветеринардык тармакта иштеп келе жаткан Жунус Исмаилов 2012-жылы алгачкы ирет коңшусунун малын жасалма уруктандырган. Анын айтымында, бул ыкма биринче төрөттө эле натыйжалуу болгон. Коңшу короодогу Юлдашбай Эргешовдун аралаш тукумдагы малы жасалма уруктандыруу аркылуу музоо туугандан кийин, арадан 2 жыл өткөндөн соң жасалма уруктан туулган мал 137 миң сомго сатылган.
Просмотров: 22068 Aimak Akipress
Кадамжайда өлүү үчүн сууга атайын боюн таштаган жаш кызды куткарып калышты
 
00:45
Бүгүн, 1-июнь күнү Кадамжай районунда сууга атайын боюн таштап өмүрүн кыюга аракет кылган өспүрүм кыз куткарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга милициядан билдиришти. Маалыматка караганда, Кадамжай РИИБдин 102 номерине өспүрүм кыз чалып "боюмду сууга таштайм, жашоодон тажадым" деп айтып телефонду коюп койгон. Аталган билдирүүдөн кийин Кадамжай РИИБдин топ-топко бөлүнүшүп, издөө иштерин жүргүзүшөт. Халмион айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчиси Нурланбек Бегалиев Таш-Дөбө айылындагы каналда агып бара жаткан кызды көрүп калып аман алып калды. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө быйыл мектепти бүткөн жаш кыз Орозбеков айылында таенесинин колунда турары аныкталды. Ата-энеси Россияда иштейт. Мындай кадамга үй-бүлөлүк чыр-чатактардан барган. Азыркы учурда кыздын ден соолугу жакшы, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнүн коштоосунда туугандарына тапшырылды.
Просмотров: 26405 Aimak Akipress